“Бюджеттин аткарылышы боюнча каржы министрин эле тытмалай бербей, башка министрликтердин тийиштүү 3-4 өкүлүн жыйынга чакырып, суракка алалы”,- деди депутат Курмантай Абдиев ЖКнын 12-декабрдагы жыйынында. Айтымында, министрликтин тармактык башчыларынын ишин тескөөгө алуу зарыл.
“Мисалга Энергетика жана өнөр жай министрлигин алсак болот. Энергетика боюнча тынбай маалымат беришет, өнөр жай боюнча эмне иштер жүрүп жатканын эч ким билбейт. “Былтыр эмне иш жасап, канча киреше алып келдиң?” деп тийиштүү өкүлдөрдү сурайлы”,- деди депутат.
Айта кетсек, бүгүн парламентте 2014-жылга республикалык бюджеттин долбоору талкууланат. Ага Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү келип катышат.