Депутат Урмат Аманбаева парламенттин 12-декабрдагы жыйынында “Кыргызстанда 2012-жылы 135 миң китеп ашыкча чыгарылган. Бүгүнкү күндө окулбай, текчеде жыйылып турат. Буга ким жооп берет?”,- деди. Айтымында, өлкөдө чыгарылып жаткан китептердин санын, сапатын көзөмөлгө алган эч ким жок.
“Бир мисал айтайын. Черчение сабагы боюнча 4 миң китеп керек болсо, былтыр 93 миң китеп чыгарылды. Муну көзөмөлдөй турган бирөө барбы?! Президентибиз баш болуп “коррупция менен системдүү түрдө күрөшөбүз” деп жатабыз. Китеп чыгаруудагы коррупцияны токтотолу анда”,- деди депутат.
Аманбаева китептердин сапаты боюнча “2-класс үчүн эне тил боюнча бир класста башка автордун китеби, экинчи класста башка автордун китеби окутулуп жатат. Эмне деген баш аламандык? Бирдиктүү идеология болобу бизде?”,- деп кызууланды.