Депутаттар айыл өкмөттөрдө дагы бир кызмат ордун ачууну сунушташууда

Парламенттин 12-декабрдагы жыйынында депутат Абдыманап Кутушев айыл өкмөттөргө дагы бир кызматтык орун ачпаса болбой турганын айтып чыкты. Депутат “айыл өкмөттөрдө кагаз иштерин бүтүрө турган бир адам керек”,- деп билдирди.

“Айылдык кеңештердин сессияларын, отчётторун, башка мекемелер менен кат алышуу сыяктуу иштерди бүтүрө турган кызматкер керек болууда. Азыр бул ишти айыл өкмөт башчынын катчысы аткарып жатат. Анын өзүнүн иши көп, кыйналып жатат”,- дейт Кутушев.

Бул маселени карап, 2014-жылдын бюджетине киргизүүнү сунуштады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан