Таш-Көмүр шаарында билим берүү тармагында абал оор. Муну парламенттин 12-декабрдагы жыйынында депутат Райкан Төлөгөнов айтып чыкты. “3-класстын окуучулары окуганды, 8-класстын окуучулары жадыбалды билишпейт экен. Балдар кылмыштуулукка аралашып жатат”,- дейт ал.
Төлөгөнов аталган шаардын мэрин мектеп директорлору тоготпой калганын да айтты.
“Мэр мектепти текшерүү үчүн келсе, “сенин текшерүүгө акың жок” деп директор киргизбей коёт экен. Шаар башчысы бир да мектеп директорун иштен ала албайт. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы көчөдө балдар менен арак ичет деп айтылууда. Бул көйгөйгө тез арада чара көрбөсөк, аталган шаардагы мектептерди кууратып алабыз”,- деп кошумчалады Төлөгөнов.