Өзбекстанда президенттик шайлоого мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды

Бүгүн, 28-июнда Өзбекстанда 9-июлга белгиленген президенттик шайлоого мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына таянып жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, шайлоо тилкелери иш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү 11:00дөн 17:00гө чейин иштейт.

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 5-июлга чейин созулат.

Белгилей кетсек, буга чейин Өзбекстандын азыркы өлкө башчысы Шавкат Мирзийоев "Либерал-демократиялык" партиясынан талапкерлигин койгондугу маалым болгон. Мирзийоевден сырткары дагы 3 талапкер сунушталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан