Кыргызстанда 1,6 миллион адам туруктуу жумуш менен камсыз болгон. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда “Кыргызстандагы чакан каржы рыногунун ролу” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө маалым болду.
Кыргызстандагы чакан каржы рыногунун таралышы калктын иш менен камсыз болгондугунан кабар берерин иликтөөлөр көрсөткөн. Жумушка жарамдуу 3,8 миллион жарандын 1,6 миллиону гана туруктуу иш менен камсыз болгон. Анын ичинен 2,2 миллион адам чакан каржы секторун пайдаланышат.
Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти Айбек Давлесовдун айтымында, чакан каржы сектору 400 миң адамды жумуш менен камсыз кылат.
Аталган сектордун республикадагы үлүшү 30 пайызды түзөт. Негизинен айыл чарба жана соода тармагындагы каржы активдүүлүгү байкалган.