Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары VII чакырылыштын экинчи сессиясынын акыркы иш күнүн өткөрүүдө.
Күн тартибинде 50 маселе бар, буга байланыштуу эл өкүлдөрү күн тартибинен “Ар кандай” маселелерди алып салышты.
Депутат Мейкинбек Абдалиев 50 суроону кароо мүмкүн эмес экенин билдирди.
"50 маселени окуп чыгыш физикалык жактан деле кыйын. Кээде депутаттарды күчкө салгандай болууда", - деди ал.
Белгилей кетсек, депутаттар июль айында аймактарда шайлоочулар менен иш алып барышат. Андан соң августта жайкы каникулга кетишет.