Жогорку Кеңеште бүгүн, 12-декабрда “КРнын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып баштады. Жыйынга Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышууда. Айта кетсек, бул маселе буга чейин ЖКнын бардык комитеттеринде каралган. Учурда каржы министри Ольга Лаврова баяндама жасап жатат.