Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алуу алдындагы соңку жыйынын өткөрүп, каникулга тарады. Бүгүнкү отурумда жалпысынан элүүдөй мыйзам долбоору каралып, алардын айрымдары кабыл алынды.
Жыйында төрага Нурланбек Шакиев сессия мезгилинде жалпы 77 жыйналыш өткөнүн, 222 мыйзам долбоору жана 1394 токтом кабыл алынганын айтты.
"Сессиябыз олуттуу өзгөрүүлөр жана түрдүү жаңылануулар менен коштолуп, акыркы кабыл алынган Баш мыйзамыбыздын алкагындагы реформаларды ишке ашырууга багытталды. Парламент бардык реформалардын башында туруп, көйгөйлөр менен катар өлкөбүздүн өнүгүшүнө зарыл болгон олуттуу маселелер кеңири талкууланган негизги аянтча катары кызмат кылды”, - деди Нурланбек Шакиев.