
Министрлер кабинетинин төрагасы
Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына сый тамакка чакырды. Бул тууралуу маалыматты
SUPER.KG порталына депутаттар тастыкташты.
Бүгүн, 29-июнда парламент VII чакырылыштын соңку иш күнүн жыйынтыктап, эки айга каникулга
тарашты.
Белгилей кетсек, эгерде өлкөдө олуттуу маселе жаралып калса алар кезексиз жыйынга чогулушат.
Эске салсак, 2022-жылы "Дасмия" ресторанында депутаттардын "чай ичүүсү" өткөн.