30-июнга карата Франциядагы башаламандыкта 421 адам кармалды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, кармалгандардын басымдуу бөлүгүн 14 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр түзөт.
Алар Нантердеги Crédit Mutuelle банкынын офисин өрттөшкөн жана Париждеги Nike бутигин тоношкон. Мындан сырткары, бир нече имараттар зыянга учураганы айтылууда.
Эске салсак, 28-июнда Францияда полиция кызматкери тарабынан өлтүрүлгөн 17 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин башаламандык башталган. Ок чыгарган полиция кызматкери камакка алынган.