Кечээ, 11-декабрда Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети суицид боюнча тегерек стол уюштурду. Иш-чарага Ош шаардык кеңештин депутаттары, укук коргоо органдарынан, Ош шаардык казыятынын өкүлдөрү, психологдор жана окуу жайлардын жетекчилери катышты. Анда суициддин алдын алуу жана көйгөйдү чечүү маселелери каралды. Тегерек столдун соңунда сунуштар айтылып, Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин алдында жаштар үчүн акысыз психологдор борбору түзүлмөй болду. Мында жаштар өздөрү психологдордун, дин кызматкерлердин кеңештерин акысыз ала алышат. Бул тууралуу шаардык жаштар комитетинин төрагасы Сонунбек Жунусбаев билдирди.