Кечээ, 2-июлда Швейцариянын Лозанна шаарында өспүрүмдөр уюштурган башаламандыкта 7 адам кармалды. Бул тууралуу "20Minutes" басылмасы жазып чыкты.
Маалым болгондой, кармалган жети адамдын арасында 15-17 жаштагы теги сомалилик, португалиялык жана босниялык үч кыз жана грузин, серб, швейцариялык үч бала болгон. Ошондой эле Швейцариянын 24 жаштагы тургуну кармалган.
Швейцариядагы башаламандыкка чейин социалдык тармакта ар кандай чакырыктар жарыяланган. Башаламандыкка жалпысынан жүздөн ашуун адам катышып, дүкөндөрдүн айнектерин талкалашкан жана полиция кызматкерлерине кол салышкан.
Белгилей кетсек, Бельгия менен Брюсселде дагы 100дөн ашуун адам көчөдө башаламандык уюштурган.
Ал эми Францияда кармалгандардын саны 3100дөн көп экени, алардын көпчүлүгү 18ге чыга элек өспүрүмдөр экени айтылууда. Валь-де-Марн шаарында тополоңчулар мэрдин үйүн талкалашкан, жыйынтыгында мэрдин жубайы жаракат алган. Марселде болсо башаламандык уюштургандар Volkswagen борборунан жаңы авто унааларды уурдап кетишкен. Учурда Францияда 871 пункт өрттөлүп, 577 унаа күйгөн жана 74 имарат жабыркаган. Башаламандыктын алдын алуу үчүн 45 миңге жакын тартип сакчысы иштеп жатканы айтылууда.
Эске салсак, 27-июнда Францияда теги арабиялык 17 жаштагы Наел Мерзук полиция кызматкери тарабынан өлтүрүлгөндөн бери башаламандык токтобой жатат. Учурда аталган өлкөнүн бардык региондорунда башаламандык болууда.