2012-жылдан бери Кыргызстандагы 52 чакан каржылык компаниясы лицензиядан ажыратылган. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда “Кыргызстандагы чакан
каржы рыногунун ролу” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө Улуттук стратегиялык изилдөөлөр
институтунун эксперти Айбек Давлесов билдирди.
Анын айтымында, лицензиясынан
ажыратылууга пайыздык төлөмдөрдүн жогору болушу себеп болгон. “Пайыздык төлөмдөрдүн
жогору болушу өлкөдөгү чакан каржылык компаниялар секторундагы негизги
көйгөйлөрдүн бири болуп эсептелет жана каржы тармагындагы тобокелчиликтер
сырткы каржылоодон жана валютанын курсунан көз каранды”,- деди эксперт.