Конституциялык сот жашы жеткен балдардын паспортунда атасынын аты деген графага энесинин атын жазууга уруксат берген токтом боюнча расмий түрдө түшүндүрмө берди. Билдирүү мекеменин сайтына бүгүн, 3-июлда жарыяланды.
"2023-жылдын 30-июнунда Конституциялык сот Үй-бүлө кодексинин (63-берененин 2-бөлүгү) жана "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (30-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы, 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы) айрым ченемдик жоболорунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, аларды Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп тааныды.
Кайрылуунун маңызы боюнча арыз ээси, энеге баласына атасынын атынын ордуна өз атын берүү, башкача айтканда, энесинин атын колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүүнү суранган. Конституциялык сот ишти сот отурумунда карап, төмөнкүдөй жыйынтыктарга келди.
Жалпысынан биздин мыйзамдарыбызда кыргыздын улуттук каада-салттары боюнча, ошондой эле өз атын, фамилиясын жана атасынын атын караган советтик калыптанып калган ат коюу системасы боюнча ат коюу мүмкүнчүлүгү каралган.
Кыргыздын улуттук каада-салты боюнча ат коюунун тартиби («уулу, кызы, тегин» деген жазуу менен) өзгөрүүсүз калганын белгилей кетүү зарыл.
Ошону менен бирге советтик система боюнча ата-эненин, анын ичинде эненин балага фамилиясын, атын жана атасынын атын берүү укугу баланын эң маанилүү кызыкчылыктарын көздөп анын өсүү, жагымдуу шарттагы социалдык чөйрөдө калыптануу укугу менен түздөн-түз байланышта турат.
Ушуга байланыштуу баланын укуктары ата-эненин укуктарына караганда артыкчылыктуу мааниге ээ жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат. Ал эми салттуу коомдо баланын өзүнүн энесинин атында болушу ага карата кемсинтүү жана кодулоонун ар кандай түрүнүн колдонулушуна алып келиши мүмкүн болгондуктан, арыз ээсинин өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылды.
Бирок эрезеге жетип (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 56-статьясына ылайык он сегиз жашка чыкканда), башкача айтканда турмушка объективдүү баа берип жана өз иш-аракеттери үчүн толук жоопкерчиликти алуу жөндөмүнө ээ болуп, тигил же бул себептерден, же болбосо башынан өткөн оор турмуштук трагедиялардан улам өзүнүн толук атынын элементи катары эркектин атын кабыл албаган жаран атасынын же энесинин атын тандоо укугуна ээ болушу керек. Каралган маселе калктын анчалык көп эмес бөлүгүнө гана тийиштүү болушу мүмкүн. Ошондуктан ушундай жагдайларга дуушар болгон жарандардын укуктарын теңдөө жана жыныстык белгиси боюнча басмырлоого бөгөт коюу максатында мыйзамдар кабыл алынган чечимде көрсөтүлгөн укуктук мүмкүнчүлүктөрдү камтууга тийиш", - деп айтылат маалыматта.
Мекеме баланын фамилиясына байланыштуу кабыл алынган бул чечим коомдун салттык жана тарыхый негиздерин бузбай турганын белгилеген.
Эске салсак, бүгүн жарандык активист Алтын Капалова 16 жашка толгон өспүрүмдөргө, тагыраагы каалоочуларга эненин атын (матчество, матроним) фамилия катары колдонууга уруксат берилгенин Фейсбуктагы баракчасы аркылуу айтып чыккан. Ал бул чечимди кабыл алган Конституциялык соттун Соттук коллегиясына ыраазычылыгын билдирген.
Аталган окуя коомчулукта кызуу талкууга алынып, социалдык тармактарда нааразылык пикирилерди жараткан.