Кыргызстанда акимдер 13 миң сомдун тегерегинде айлык алышат

Кыргызстанда акимдердин айлыгы 13 миң сомдун тегерегинде. Муну парламенттин 12-декабрдагы жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Айтымында, быйыл бир катар органдарда айлыктар жогорулады. “Август айында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында иштегендердин, октябрь айында мамлекеттик кызматкерлердин айлыктарын көтөрдүк”,- деди Сатыбалдиев.

Өкмөт башчы учурда министрликтерде орточо айлык акы 15 миң сом экенин кошумчалады.   

Айта кетсек, жыйында “КРнын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан