Чүйдүн Шопоков шаарында мунай кампасындагы өрттөн жабыркап, ооруканага түшкөн эки кишинин бири каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 4-июлда Саламаттык сактоо министрлигинен ырастады.
Маалыматка ылайык, оор күйүк алган бейтап ооруканага түшкөндөн үч күндөн кийин көз жумган.
"Анын денесинин 95 пайызы күйгөн. Тилекке каршы, өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок. Ал эми экинчи бейтап денесинен 15 пайыз күйүк алган. Анын абалы жакшырып, дарылануусун улантып жатат. Учурда абалы туруктуу", - деп билдиришти мекемеден.
Эске салсак, 20-июнда Шопоков шаарында темир жол бекетине жакын жайгашкан мунай базасынан ири өрт чыккан.
Анда ар кандай даражадагы күйүк алган төрт жабырлануучу "Тез жардам" кызматы менен Сокулук районунун Жалпы дарыгердик практикалык борборуна жеткирилген. Жабырлануучулардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүнө, үчөө травматология бөлүмүнө (экөө орточо, бирөө канааттандырарлык абалда) жаткырылган.
Андан соң жабыркаган төрт кишинин экөө Бишкектеги Тез жардам ооруканасына санавиация менен жеткирилген.