Садыр Жапаров ШКУ жыйынында кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун Бишкекте түзүүнү сунуштады

Президент Садыр Жапаров ШКУнун эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун Бишкекте түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу өлкө башчы бүгүн, 4-июлда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин онлайн жыйынында билдирди.

Жапаровдун айтымында, 14-июнда Чолпон-Атада өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин консультациясында бул маселе боюнча кыргыз тарап сунуш кылынган борбордун жобосу жана түзүмү тааныштырылган.

“Бул демилгени ишке ашыруу аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, терроризмге, экстремизмге, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана чек арадагы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө түрткү берет деп ишенем”- деп билдирди өлкө башчы.

Эске салсак, бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги 23-Саммити онлайн форматта өтүп жатат. Индиянын төрагалыгы алдында өтүп жаткан бул саммитке Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Иран Ислам Республикасынын, Беларусиянын, Монголиянын башчылары катышууда. Буга чейин саммитте Иран Ислам Республикасы ШКУга толук кандуу мүчө мамлекет макамын ала турганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан