Муфтият кызуу талкуу жараткан "матчество" тууралуу билдирүү жасады

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Замир Ракиев коомчулукта кызуу талкуу жараткан "матчество" боюнча пикирин билдирди. Анын билдирүүсү бүгүн, 4-июлда муфтияттын расмий сайтында жарыяланды.

"Урматтуу мусулман бир туугандар, мекендештерим!
Шарият матчествого кандай карайт? Ар бир перзент тегин билүүгө укуктуу. Баланын ким төрөгөндүгү айдан ачык. Ал эми текти атага таандык кылуу муктаждыгы өтө зарыл. Ошондуктан Ислам дини баланын тегин атага таандык кылат. Адам атадан баштап бүгүнкү күнгө чейин бардык адамзат урпагы, бардык мамлекеттерде уулга да, кызга да атасынын теги берилип келген.
Шарият адамдын акылын, намысын, мүлкүн, тегин, урпагын сактоону максат кылат. Тектүүлүк адамзатты жакын туугандар менен билбестен үйлөнүп, улуттун генефондуна зыян келүүсүнөн, үй-бүлөдө балдардын майып төрөлүүсүнөн сактайт. Динибиз ушул себептүү баланын атасы белгилүү болуусун жактайт. Ыйык Куран баланы өз атасынын аты менен чакырууну насаат кылат:
“Аларды (балдарды) өз аталарынын аты менен чакыргыла. Ошол Алланын алдында адилеттүүрөөк...” (Ахзаб сүрөсү, 5)
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) кыямат күнү атанын ысымы менен чакырылары тууралуу кабар берген:
Абу Дардадан риваят: «Албетте силер кыямат күнү өз ысымыңар жана атаңардын аты менен чакырыласыңар. Ошондуктан жакшы ысым койгула».
Атасын билбегендер «жети атасын билбеген, жетесиз кул» деп катуу айыпталган. Кыргызда «тексиз кул» дегенден өткөн оор сөз болгон эмес. Улуттук каада-салтыбызда жети атасын билүү деген генеологиялык алтын эреже бар. Бул принцип аркылуу бала өзүнүн тегин таанып билет.
Бул өз кезегинде энени басынтуу деген маселе эмес! «Кыргызда кыздын аты улук» деп тегин жерден айтылбаган. Динибизде аялзатынын даражасы канчалык бийик экендиги айдан ачык. Матчествого өтүү баланын психологиялык жактан травма алышына, коом тарабынан басмырланышына алып келет. Биз мусулман катары, жаран катары балдарыбызды аяп-кастарлап, ар кандай күмөндүү кыймылдарга салып берүүдөн сактанышыбыз керек. Мындай шойкомдуу аракеттер улут тамырына балта чаап коюшу толук мүмкүн", - деп айтылат муфтияттын билдирүүсүндө.
Эске салсак, кечээ Конституциялык сот 18 жашка толгон бала атасынын же апасынын атына катталууну өзү тандаса болот деген чечим чыгарган. Аталган чечим коомчулукта кызуу талкууга алынып, көпчүлүк муну улуттук баалуулуктарга каршы келет деп сындап чыгышкан.
"Матчество" боюнча муфтияттын билдирүүсү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ankel
2023-07-04 19:06:00
Атаңызга рахмат Замир ажы, эң туура сөздөрдү айтыпсыз
+3
Uri24
2023-07-04 22:03:00
Атаны тандайбы энени тандайбы акыл эси бар адам озу чечсин. Муфтият бироонун жашоосуна кийлигишпесин. Эне силерге мал эмес
-3
Hooligan
2023-07-05 06:31:00
Uri24 сен озун дайыма кийлигишесинго мусулмандардын ишине! А бул жерде муфтияттын айтып койушу парз
+2
Azat-123
2023-07-05 08:53:00
Атамекендик деген сөздөр ардайым колдонулган жана колдонула берет, өзб туугандарга окшоп ана-ватан болуп калбайлы, керек болсо орустар дагы отечественного производства деп сыймыктануу менен айтып келишетго
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан