Анарбек Калматов өкмөт башчыга: “Кызматка киришип жатып “бюджет мыйзамдуу кабыл алынат” дедиңиз эле. Бирок аныңыз аткарылган жок”

ЖКнын 12-декабрында депутат Анарбек Калматов “КРнын 2013-жылга республикалык бюджетине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору мыйзам бузуу менен каралып жатканын айтып чыкты. “Мыйзам бузулуп жатат. Силер бул маселени Жогорку Кеңешке сентябрь айында алып келишиңер керек болчу. Декабрь айында алып келип “кааласаңар да, каалабасаңар да бекитип бергиле” деп жатасыңар”,- деди Калматов. 

Жантөрө Сатыбалдиев фактыны моюнга алды. “Октябрь айында алып келишибиз керек болчу мыйзам долбоорун. Бирок орусиялык гранттын кечигишинен биз да кечигип алып келдик”,- деди ал.

Эскерте кетсек, парламентте “КРнын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралууда. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан