Өкмөт башчы: “Манас” аэропортунун кирешесин мамбюджетке албай, өзүнө калтырып жатабыз”

“Манас” аэропортунун, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын кирешелерин өздөрүнө калтырып жатабыз”,- деп билдирди ЖКнын 12-декабрдагы жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев. Айтымында, мындай мүмкүнчүлүк менен алардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө болот. “Мурда аталган ишканалардын кирешеси толук бойдон мамлекеттик казынага түшчү. Биз аларды өнүктүрүү үчүн кирешесин өздөрүндө калтырып жатабыз. Буга байланыштуу республикалык бюджеттин суммасы азаят”,- дейт премьер.  

Сатыбалдиев бардык министрликтерде иштегендердин айлыктарын теңдөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн “КРнын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан