Камчыбек Ташиев кызуу талкуу жараткан "матчество" тууралуу билдирүү жасады

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коомчулукта кызуу талкуу жараткан "матчество" боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын башчысы бүгүн, 8-июлда социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Эч кандай "матчество" деген нерсе жок. Ким кабыл алса, ошол жокко чыгарсын! Бул менин жарандык пикирим", - деп жазды Ташиев.

Эске салсак, 3-июлда Конституциялык сот 18 жашка толгон бала атасынын же апасынын атына катталууну өзү тандаса болот деген чечим чыгарган. Аталган чечим коомчулукта кызуу талкууга алынып, көпчүлүк муну улуттук баалуулуктарга каршы келет деп сындап чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Uri24
2023-07-08 14:51:00
Ата менен энеликтин касиети бирдей. Антип бироонун апасын, энесин басынтканды токтоткула. Жашоодо кыз-баланын жүгүн апаларда көтөрүшөт. Бирөөнүн жеке тандоосуна асылбагыла. Кааласа атасынын же апасынын, кааласа жездесинин атын тандап алсын. Ар ким өзү билет
-1
Jacob.
2023-07-08 19:37:00
Uri24 ата менен энеликтин касиети бирдей деп кайсы чоң айтты?
+1
Asmat84
2023-07-08 23:32:00
Uri24 сага окшогон бир тупойдун тапканы. Үй бүлөдө атанын орду башка эненин орду башка. Кыргыз эле эмес дүйнө жүзү боюнча атасынын атына жазылып келет же сен дагы апаңдын атындасыңбы
+1
Uri24
2023-07-08 14:56:00
Апасын жакшы көрүп атын тандап алуу - бул кылмыш эмес. Ташиев кылмыш, эки жүздүүлүк, алдамчылык менен күрөшсүн. Өз апасын адам эмес, мал катары көргөндөр апаларды басынтып жатышат.
-1
Asyl27
2023-07-08 15:28:00
Кээ бир аталардын кызына баласына кам көрөюн деген ойлору да жок. Мына намысты ошолордон баштагыла
-1
Zarema11
2023-07-08 15:54:00
Жарандык өз пикирин айтыптырсыз туура! Ата бабабыздан келген тек бузулуп жатат. Бирок ошол текти сактай албай бала таштаган күкүк Маңкурт ата болмуштар ушул даражага жеткирип жатпайбы аял байкуштарды!
0
Jacob.
2023-07-08 18:51:00
Zarema11 баланын фамилясын откоруп коюу менен кукук аталар тугонуп калбайт, тескерисинче кобойот кайра. Атасынын гана атын берип жоопкерчиликти сездириш керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан