Өзбекстандагы кезексиз президенттик шайлоодо Шавкат Мирзийоев жеңишке жетти

Кечээ, 9-июлда өткөн Өзбекстандагы кезексиз президенттик шайлоодо Шавкат Мирзийоев жеңишке жетти. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

Маалыматка караганда, кезексиз өткөрүлгөн шайлоого шайлоочулардын 79,88 пайызы же 15 651 405 жаран катышкан. Жыйынтыгында, шайлоочулардын 87,05 пайыз добушу менен Либерал-демократиялык партиясынын лидери жана учурдагы өлкө башчы Шавкат Мирзийоев кайрадан Өзбекстандын президенти болуп шайланды.

Ал эми калган талапкерлерден "Адолат" социал-демократиялык партиясынан Робахон Махмудова 4,43 пайыз, Экологиялык партиянын атынан катышкан Абдушукур Хамзаев 3,74 пайыз жана Элдик-демократиялык партиясынын талапкери Улугбек Иноятов 4,02 пайыз добуш алган.

Эске салсак, 30-апрелдеги референдумда Өзбекстандын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган. Жаңы баш мыйзамда президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга чейин узартылып, мамлекет башчынын ыйгарым укуктары кеңейтилген. Буга байланыштуу 2016-жылдан бери бийликте турган азыркы президент Мирзийоевдин буга чейинки мөөнөтү жокко чыгарылып, ал 2037-жылга чейин эки жолу мамлекет башчы болуп шайлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан