20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип абакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун бошотуусун талап кылып саясий ачкачылык жарыялагандар ачкачылыкты улантууда. Бул тууралуу "Кыргыз журтум" коомдук фондунун төрайымы, митингди уюштуруучулардын бири Сапаргүл Бердалиева бүгүн, 12-декабрда билдирди.
Ошондой эле ал "Ачкачылык кармагандардын арасындагы 55 жаштагы аялдын кан басымы көтөрүлүп, ооруканага жатып калды. Ага өз учурунда "Тез жардам" кызматы жардам көрсөтүп, учурда абалы жакшы" деп кошумчалады.
Эскерте кетсек, 19-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан Ахматбек Келдибековго Кылмыш-жаза кодексининин 303-304-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына камалган. Депутатка карата 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон деген айып тагылууда.