Депутаттар 2013-жылдын бюджети боюнча маселени кароону мөөнөтүнөн мурда токтотушту

Парламентте депутаттар “КРнын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун кароону мөөнөтүнөн мурда токтотушту. Сунушту депутаттар Урмат Аманбаева менен Сайдулла Нышанов айтып, добуш берүүдө 60 депутат макул, 5 депутат каршы экенин билдиришти. “2013-жылдын бюджети боюнча акчанын баары иштелип бүттү. Эми эч нерсе деле өзгөртө албайбыз. Андан көрө 2014-жылдын бюджетин жакшылап карайлы”,- деди Аманбаева.

Депутат Абдырахман Маматалиев “өздөрү суроосун берип бүткөн депутаттар “токтотолу” дегенин койсун. Биздин да 2013-жыл боюнча башка сурообуз бар”,- деди.

Добуш берүүдө биринчи сунуш өтүп кетти. Бирок депутаттар маселени токтотпоону айтып, талашып-тартышууда.  

Мындай чечимге каршы болгон депутат Дамира Ниязалиева миллиондогон акчалар 2013-жылы дайынсыз кеткенин айтып, буга көз жумуп кнопка баскан кесиптештерин сындады. "Эң маанилүү маселе каралып жатканда эмнеге шашабыз? Азыр шашып баарын карап бүтөбүз да, анан "акча жок" деп бир жыл шайлоочулардын алдында актанабыз",- деди ал.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан