Чаткал районунун 38 жаштагы Ж.С.К аттуу тургунуна ок чыгарган 30 жаштагы С.Ж.С аттуу жаран соттун чечими менен эки айга тергөө абагына камалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 11-июлда Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Айрым маалыматтарга караганда, жаракат алган да, ок чыгарган да жарандын уюшкан кылмыш тобуна тиешеси болгон. Милиция бул боюнча так маалымат жок экенин билдирди. Бирок жабырлануучу да, шектүү да мурда соттолгонун белгиледи.
7-июлда Чаткал районунун аймагында 30 жаштагы тургун жанында алып жүргөн ок атуучу куралы менен 38 жаштагы жаранды бир нече жолу атып жибергени кабарланган. Натыйжада Ж.С.К. алган жаракатынан улам Чаткал райондук ооруканасына жаткырылган. Маалым болгондой, жабырлануучуга "Макаров" тапанчасынан сегиз жолу ок атылган.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренеси (Кылмыш жасоого аракеттенүү) жана 122-беренесининин (Адам өлтүрүүгө аракеттенүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кечээ октон жаракат алып Чаткал райондук ооруканасына жаткырылган жаран Улуттук госпиталга которулганы маалым болгон. Анда бейтапка операция жасалганы, ок тийүүдөн улам көкүрөктүн ич көңдөйү жабыркаганы айтылган. Ошондой эле ал жандандыруу бөлүмүндө абалы оор экени кошумчаланган.