"Жандандыруу бөлүмүндө". Чаткалда ок тийген жаран Улуттук госпиталга которулду

Октон жаракат алып Чаткал райондук ооруканасына жаткырылган жаран Улуттук госпиталга которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 10-июлда Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, бейтапка операция жасалды. Ок тийүүдөн улам көкүрөктүн ич көңдөйү жабыркаган. Абалы оор. Учурда жандандыруу бөлүмүндө, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Эске салсак, 7-июлда Чаткал районунун аймагында 30 жаштагы тургун жанында алып жүргөн ок атуучу куралы менен 38 жаштагы жаранды бир нече жолу атып жиберген. Натыйжада Ж.С. алган жаракатынан улам Чаткал райондук ооруканасына жаткырылган.

Жалал-Абад облустук милициясы шектүү кармалганын билдирген.

Маалым болгондой, жабырлануучуга "Макаров" тапанчасынан сегиз жолу ок атылган. Азырынча анын канчасы тийип-тийбегени боюнча так маалымат айтыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан