Казакстанда аскадан кулап кетип изделип жаткан туристтин сөөгү табылды (видео)

Казакстандын түштүгүндө аскадан кулап кеткен 56 жаштагы туристтин сөөгү табылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Маалым болгондой, туристтин сөөгү деңиз деңгээлинен 3800 метр бийиктиктен табылган. Учурда сөөктү жерге алып түшүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат.

Эске салсак, 3-июлда Казакстандагы "Сайрам-Угам" улуттук жаратылыш паркынын аймагында 3 адам деңиз деңгээлинен 4 миң 236 метр бийиктикте жайгашкан "Сайрам" чокусуна чыгышкан. Аскадан түшүп келе жатканда 56 жаштагы кишинин жиби үзүлүп кетип, эңкейишти көздөй кулап кеткен.

Куткаруучулар 6-июлдан бери туристти издеп жатышкан.

Казакстанда аскадан кулап кеткен туристтин сөөгү табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан