Бишкектеги үч адамды өлтүрүү: Маркумдун байкеси карындашынын шектүү менен болгон мамилесин айтты

Бүгүн, 11-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту 5-кичи районунда үч жолу адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин кароону улантты.

Бүгүнкү соттук отурумда маркумдун бир тууган байкеси дагы сурак берди. Анын айтымында ал карындашы шектүү Чынтемир Аширалиев менен сүйлөшүп жүргөнүн билчү жана шектүүнү көргөн эмес.

"16-февраль күнү милиция кызматкерлери телефон чалып, 5-кичи райондогу карындашымдын үйүнө келүүмдү суранышты. Барсам батирден карындашым менен анын балдарынын жансыз денеси табылганын айтышты. Мага шектүүнүн сүрөттөрүн жана видеолорун көрсөтүштү. Мен аны билчү эмесмин, бирок депутаттыкка аттанып жатканы тууралуу маалыматым бар болчу. Карындашымдын аны менен мамилеси бар экенин, ортолорунда уулу бар экенин билчүмүн, бирок ал бизди тааныштырган эмес", - деди маркумдун байкеси.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 16-февралында борбор калаанын 5-кичи районунда энеси, кызы жана уулунун денесине оор залал келтирилген жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Ч.А. аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Маалым болгондой шектүү Ч.А. кармаш уруш боюнча спорттун чебери болгон. Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы аталган кызмат жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган. Шектүү жетекчилик кызматтарда да иштеген. Аскердик наамы - майор. Мындан сырткары 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Баткен окуругунан депутаттыкка талапкер болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан