2010-жылы Ош окуясында
жапа чеккен жарандар мамлекет тарабынан бериле турган карызды тиешелүү
документтерди көрсөткөн соң гана ала алышат. Мындай билдирүүнү бүгүн,
12-декабрдагы парламенттин отурумунда КРнын Экономика министри Темир Сариев
билдирди.
Ош коогалаңында жабыркаган 300гө жакын адам азыркыга чейин мамлекет тараптан убадаланган насыяларды ала электигин айтып нараазыланганы
парламенттин бүгүнкү жыйынында айтылган. Ага жооп иретинде Темир Сариев “Эгерде
алар тиешелүү документтерин тапшырып, каттоого турса, анда насыяны ала алышат” деген.