Шавкат Мирзийоевдин учурунда Өзбекстанда кандай өзгөрүүлөр жана окуялар болду? Тизмектейбиз

Бүгүн, 14-июлда Өзбекстанда үчүнчү ирет президент болуп шайланган Шавкат Мирзийоевдин инаугурациясы болуп өттү. Шавкат Мирзийоев 13 жыл премьер-министрлик кызматты аркалап, 2016-жылдан бери аталган өлкөнү башкарып келе жатат. Төмөндө Мирзийоевдин учурунда Өзбекстанда кандай өзгөрүүлөр жана окуялар болгонун тизмектейбиз.

Мирзийоев катышкан үчүнчү шайлоо

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын берген маалыматына караганда, кезексиз өткөн президенттик шайлоодо Мирзийоев шайлоочулардын 87,05 пайыз добушу менен жеңишке жеткен. Ал эми калган талапкерлерден "Адолат" социал-демократиялык партиясынан Робахон Махмудова 4,43 пайыз, Экологиялык партиянын атынан катышкан Абдушукур Хамзаев 3,74 пайыз жана Элдик-демократиялык партиясынын талапкери Улугбек Иноятов 4,02 пайыз добуш алган. БШК шайлоого 15,6 миллион жаран катышканын билдирген.

Ал эми кезексиз өткөн президенттик шайлоо боюнча политолог Рафаэль Саттаров Deutsche Welle басылмасына берген маегинде, калк Мирзийоевден башка президенттикке талапкер болгондорду жакшы тааныбай турганын билдирген.

“Калк Мирзийоевден башка талапкерлерди тааныбайт. Шайлоодо алардын ысымдары белгилүү деле эмес жана шайлоодон кийин алар унутулуп калат. Ошондуктан оппозиция жөнүндө сөз дагы болушу мүмкүн эмес”.

ВВС орус кызматынын сайты Рафаэль Саттаровдун бул шайлоону “чоң саясий манипуляция жана Мирзийоевдин үй-бүлөлүк башкаруусунун каттоосу” деп айтканын жазып чыккан. Анда Саттаров президенттик шайлоону "болбогон шайлоо" деп сыпаттап, эң ысык сезондо өткөрүлгөнүн сындаган. Саясат таануучунун айтымында, шайлоо калк тойго даярдануу менен алек болуп, шайлоону ойлогонго убактысы жок мезгилде өткөрүлгөн.

Конституцияга киргизилген өзгөртүү

30-апрелде Өзбекстанда референдум өтүп, анын жыйынтыгында өлкөнүн баш мыйзамына олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген. Анда президенттин мөөнөтүн беш жылдан жети жылга узартуу каралган жана Мирзийоевге мамлекет башчы катары мурунку мөөнөттөрүн жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Мындайча айтканда, президент кайра шайланса, ал эки мөөнөт катары менен бийликте кала алат.

Мурунку мыйзамга ылайык, мамлекет башчы үч ай бою өз милдеттерин аткара албаган учурда гана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралган жана президенттин мурдагы мөөнөттөрүн жокко чыгаруу беренелери жок болчу.

Берлиндеги Орусия жана Евразия изилдөөлөр боюнча Карнеги борборунун кызматкери Темур Умаровдун Deutsche Welle басылмасына берген маегинде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнүн себеби катары Мирзийоевдин бийлигин чыңдоого умтулуусу себеп экени айтылат:

"Президенттик администрацияны Каракалпакстандагы нааразылык акциялары кооптондурду. Алар Мирзийоев коомдо белгилүү бир популярдуулукка ээ болуп турган учурда мындай колдоону мыйзам чегинде бекемдеп калууга аракет кылышкан”.

Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан Автономиялуу Республикасынын борбору Нукус шаарында массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын 1-июлунда башталган. Ага Конституцияга Каракалпакстандын “суверендүү” деген макамын алып салуу жана “референдум аркылуу Өзбекстандан бөлүнүп алуу” укугунан ажыраганы себеп болгон. Расмий маалыматтарга караганда, нааразылык акция учурунда 21 адам каза таап, 243 жаран жаракат алган. Окуянын жыйынтыгында президент Мирзийоев Конституциянын Каракалпакстандын чек арасы боюнча 73-беренеден сырткары автономияга байланыштуу беренелерди өзгөртпөй турганын билдирген.

Мирзийоев бийликке келгенден кийинки өзгөрүүлөр

2016-жылдын сентябрында, Мирзийоев кызматка киришкенден кийин дароо эле социалдык-экономикалык реформаларды ишке ашырууга киришкен. 2019-жылы Ташкентте IT-парк ачылып, Өзбекстан маалыматтык технология сферасындагы адистерге жана инвесторлорго IT-виза бере баштаган. Ал эми 2022-жылы Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда Өзбекстандын экономикасы (5,7 пайыз) учурда туруктуу өсүүдө.

Акча саясаты

Мирзийоевдин Өзбекстандын президенти катары олуттуу жетишкендиктеринин бири акча-кредит саясатынын либералдашуусун айтсак болот. Бул өз кезегинде тышкы инвестиция жана соода мүмкүнчүлүктөрүн ачкан. 2017-жылдын 2-сентябрында кол койгон жарлыкка ылайык, сумдун курсу Борбордук банк тарабынан валюталык сооданын жыйынтыгы боюнча аныктала баштаган. Натыйжада ачык атаандаштык менен эффективдүү рынокту түзүүгө жана соода менен валюта алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга жол ачылып, акчанын чет өлкөдө эркин жүрүүсүнө шарт түзүлгөн.

Ал эми мурдагы валюталык саясатта көптөгөн чектөөлөр бар эле. Алсак, экспорттоочулар валюталык кирешени мамлекетке сатууга милдеттүү болгон жана чет өлкөлүктөр катышкан компаниялар кээде бир нече ай бою өздөрүнүн каражатын өлкөнүн сыртына которо алышкан эмес.

Тышкы саясат

Мирзийоев бийликке келгенден кийин өлкөнүн тышкы саясатында бир аз болсун өзгөрүүлөр байкалган. Өзбек лидери Кыргызстан жана Тажикстан менен мамилесин жакшырта алды. Алсак, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда чек араларды бөлүштүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде Камбар-Ата ГЭС-1 жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча макулдашууларды камтыган 42 документке кол коюлду.

2018-жылы Өзбекстан менен Тажикстандын президенттери 27 биргелешкен документке кол коюшкан. Бул документтер эки өлкөнүн жарандарына визасыз эркин жүрүүгө мүмкүндүк берип, чек ара кызматтары бардык учурдагы автотранспорттук өткөрүү пункттарын ачуу чечимин кабыл алган. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда Рогун ГЭСин куруу боюнча келишим түзүлгөн.

ЖОЖдордогу коррупцияга каршы күрөш жана билим берүү тармагында айлык акынын өсүшү

Акыркы он жылдын ичинде Өзбекстанда калктын саныны өсүшү абитуриенттердин да көбөйүшүнө алып келген. Бирок студенттерди окуу жайларга кабыл алууда квоталар саны өзгөрүүсүз калган. Бул ЖОЖдорго кирүү сынактарын өткөрүүдө күмөндүү аракеттерди жаратып, натыйжада окуу жайларга кабыл алууда коррупцияны жана ар кандай алдамчылык стратегиялардын жаралышына себеп болгон.

2017-жылдан тарта ЖОЖдордо коррупцияга каршы масштабдуу күрөш башталган. Өкмөт жаңы технологияларды колдонуп, эки жылда квоталардын санын 50 пайызга көбөйткөн жана сырттан окууну калыбына келтирген. Серепчилердин айтымында, 2018-жылы ЖОЖдорго кирүү сынактары мурдагыга салыштырмалуу ачык өткөн.

Билим берүү реформасы орто мектептердин жана жогорку окуу жайлардын мугалимдеринин айлык акысын жогорулатуу менен да коштолгон. Мектеп мугалимдеринин айлыгы үч этап менен көтөрүлүп, натыйжада алар орто эсеп менен 50пайызга жогорулаган. 2018-2019-жылдары ЖОЖдордун окутуучуларынын эмгек акысы жалпысынан эки эсеге көбөйгөн.

Кошумчалай кетсек, мурунку президенттен айырмаланып, Мирзийоев калк менен активдүү байланышты кармап турат. Темур Умаров билдиргендей, Фейсбук же Telegram сыяктуу социалдык тармактардагы жеке баракчалар аркылуу президентке кайрылуу кеңири жайылууда. Эксперттин айтымында, өкмөт социалдык тармактардагы чуулгандуу иштерге көңүл буруп, ар кандай окуялар боюнча маалыматтарды такай берип келет.

Өзбекстанда демократиянын орду

Мирзийоев бийликке келгенден бери Өзбекстандын маалымат каражаттарында реалдуу турмуштун деңгээли, укук коргоо органдарындагы көйгөйлөр, эмгек мигранттарынын маселелери тууралуу сын материалдар жарыялана баштады.

Каримовдун тушунда кайсы бир окуяны талкуулоого тыюу салынган. Анда ЖМКда жалаң гана жетишкендиктер тууралуу баяндалып, эмгек миграциясы тууралуу көйгөйлөр айтылган эмес. 2017-жылы биринчи жолу бул тармакка көңүл бурула баштаган. Ошондой эле Мирзийоевдин учурунда укук коргоочулар, журналисттер жана Каримовдун учурунда оппозияда жүргөн активисттер баш болуп, жалпысынан 20 миңден ашык адам эркиндикке чыгарылган.

Көптөгөн серепчилер Мирзийоевдин маркум президент Ислам Каримовдун авторитардык режиминен демократиялык системага өткөнү байкаларын айтышат. Дегени менен Өзбекстан EIU демократия индекси боюнча 167 өлкөнүн ичинен 149 орунда турат.

“Эркин кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндиги рейтингинде Өзбек өлкөсү 180 өлкөнүн ичинен 137-орунга жайгашкан. Бул көрсөткүч Каримов каза болгон 2016-жылы 166-орунду көрсөткөн. Ошондой эле “Эркин кабарчылар” уюму Өзбекстанда дагы эле жеке телекомпаниялар жок экенин, өлкөдө 15 гана сапаттуу интернет басылма бар экенин жана алардын айрымдары чет өлкөдө иштеп жатканын баса белгилеген. Уюмдун отчетунда: "Бийлик негизинен маалымат каражаттарын жана өкмөт менен тыгыз байланышта болгон бир катар блогерлерди көзөмөлдөйт" -деп айтылган.

Ал эми кадрларды жумушка орноштуруу боюнча саясат таануучу Саттаров өлкөдө социалдык өсүш жок экенин чет элдик басылмалардын бирине берген маегинде билдирген.

"Мамлекеттик түзүмдө жаш кадрлар пайда болду дешет, бирок карасаңар булар чиновниктердин өздөрүнүн балдары. Демек, система демократиялык жолго эмес, неофеодалдык олигархизацияга карай бара жатат", - деген ал.

Маркум президент Каримовдун учурунда

Маркум Ислам Каримов Өзбекстанды 27 жылдан ашык убакыт бою башкарган. 1989-жылы Өзбек ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетин жетектеп, 1991-жылы Советтер Союзу тарагандан кийин өлкөнүн президенти болуп кайра шайланган.

Каримовдун учурунда өлкөдө авторитардык режим орноп, оппозиция ар кандай жолдор менен басылып турган. “Мемориал” эл аралык укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, Өзбекстанда Каримовдун тушунда саясий туткундардын саны бардык постсоветтик өлкөлөргө салыштырмалуу көп болгон.

Каримовдун тушундагы эң кандуу окуялардын бири катары 2005-жылы май айында өткөн Анжияндагы окуя эсептелет. Анда нараазычылыкка чыккан адамдар Өзбекстанда тыюу салынган "Акрамия" кыймылынын мүчөсү, диний экстремист деп шектелген 23 бизнесменди түрмөдөн чыгарууну талап кылышкан жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалга да нааразычылыгын билдиришкен. Анда толкуган элди басуу үчүн ок атуу болуп, расмий маалыматтар боюнча 187 адам каза тапкан. Каримов окуя боюнча нараазычылыкка чыккандар жергиликтүү бийликти кулатып, Анжиянда ислам халифатын түзүүнү көздөгөнүн билдирген. Анжиян окуясынан кийин бир нече эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана чет элдик журналисттер Өзбекстандан чыгарылган.

Каримовдун тушунда Өзбекстан эң жакыр постсоветтик республикалардын бири болгону айтылып келет. 2016-жылы Гонконгдун сооданы өнүктүрүү кеңеши Өзбекстанды Борбор Азиядагы "эң чоң өнүкпөгөн базар" деп атаган.

Ислам Каримов 2016-жылы сентябрь айында инсульттан улам каза болгон. Анын ордуна 13 жыл өкмөттү жетектеген Шавкат Мирзийоев бийликке келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан