Президенттер рубрикасынын бул жолку санында Өзбекстандын учурдагы өлкө башчысы Шавкат Мирзийоев тууралуу айтып беребиз. Анда сөз башынан болсун...
Айрым булактарда өзбек, айрымдарында тажик...
Шавкат Миромонович Мирзийоев 1957-жылы 24-июлда Өзбекстандын Жизак облусунда жарык дүйнөгө келген. Кээ бир булактарда анын Тажикстандагы Ленинабад облусунда (ред.: азыркы Худжанд) төрөлгөнү жазылган. Мындан улам Мирзийоевдин улуту боюнча эки түрдүү маалыматтар айтылып келет. Айрым булактар аны таза кандуу өзбек экендигин көрсөтсө, башкалар анын этникалык тажиктерден чыккандыгын белгилеп келишет.
Дарыгердин баласы
Шавкат Мирзийоевдин ата-энеси экөө тең медицина кызматкерлери болушкан. Атасы Миромон Мирзийоев кургак учукту дарылоо боюнча мекемени жетектеген. Ал эми апасы Марифат Мирзийоева ошол эле мекемеде медайым болуп иштеген. Бирок апасы иштеген жеринде кургак учук илдетин жуктуруп алып, анын кесепетинен (Шавкат Мирзийоев кичинекей кезинде эле) каза болуп калган. Бул окуядан соң атасы кайрадан үйлөнгөн. Анткен менен өгөй апасы Шавкат үчүн анча мээримдүү чыкпай, кичинекей бир кемчилик үчүн катуу жазалап турган. Шавкат Мирзийоев ага карабастан кийин экинчи апасына өтө көп финансылык жардам бергенин президенттин өмүр таржымалын изилдеген булактар жазышкан.
Инженер-механик
Шавкат Мирзийоев Зааминск районунда орто мектепти аяктаган соң Ташкент шаарына келип Ташкент ирригация жана мелиорация институтуна тапшырат. Ал жерде инженер-механик адистигинде билим алып, окуу жайды 1981-жылы аяктаган.
Институттун эң жаш окумуштуусу
Шавкат Мирзийоевдин өмүр таржымалында илимий чөйрө өзгөчө орунда турат. Келечектеги өлкө башчысы алгачкы эмгек жолун өзү билим алган институттан баштаган. Ал илимий чөйрөдө 1981-жылдан 1992-жылга чейин эмгектенген. Бул убакыт аралыгында кенже илимий кызматкерден баштап биринчи проректорлук кызматка чейин жеткен. Ал ортодо техникалык илимдердин кандидаты даражасына да ээ болгон. Шавкат Мирзийоев институтта эң жаш окумуштуулардын бири болгондугун замандаштары айтышат.
Саясаттагы алгачкы жылдар
Илим жаатындагы узак жылдык эмгегинен соң 1990-жылы Өзбек ССРинин Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланып келген. Андан соң 1995-жылдагы жана 1999-жылдагы парламенттик шайлоолордо 2 ирет жеңишке жетишип, эл өкүлчүлүгү кызматында 2003-жылга чейин (ред.; премьер-министр болуп дайындалганга чейин) иштеген. Бул убакыт аралыгында өлкө президенти Ислам Каримовдун атайын дайындоосу менен 3 облустун хокими (ред.; губернатор) кызматын аркалаган. Тактап айтканда, Мирзо-Улугбек районун 4 жыл, Жизак облусун 5 жыл жана Самарканд облусун 2 жыл жетектеген.
13 жыл өлкө премьер-министри болгон
Мамлекет башчылыгы Шавкат Мирзийоевге дароо эле келе койгон эмес. Өлкөдө узак жылдар бою бул милдетти Ислам Каримов аркалап келген. Антсе да ал президенттин эң ишенимдүү кадрларынын бири болгон. Маселен 3 ирет Ислам Каримовдун тандоосу менен облус жетекчиликтерине дайындалган. Бул кызматтарда көрсөткөн иш билгилиги жана чечкиндүүлүгү ага болгон ишенимди дагы да арттырып 2003-жылы ошол эле Ислам Каримовдун жеке тандоосу менен өлкө премьер-министри болуп дайындалган.
Президенттикке талапкер
Шавкат Мирзийоев 13 жылдык премьер-министрлик кызматында өзүн оор басырыктуу жана катаал саясатчы катары көрсөткөн. Ишинде чабалдык көрсөткөн кызматкерлерди коомчулуктун көзүнчө катуу тилдеп, өтө катуу саясат жүргүзгөнү бир катар маалымат булактарында жазылган. Ал коррупция менен күрөшүүгө жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурган. Натыйжалуу иш-аракеттеринин жыйынтыгында эл ишенимине арзып, Ислам Каримов каза болгондон кийин 2016-жылдагы президенттик шайлоодо 88 пайыз добушка ээ болуп утуп чыккан.
Ысырапкерчиликке каршы бир катар мыйзамды ишке киргизген
Шавкат Мирзийоев президент болуп шайлангандан бери ар кандай экономикалык, диний, адам укуктарына багытталган жана коррупцияга каршы бир канча мыйзамдарды ишке ашырган. Алардын арасында ысырапкерчиликке каршы киргизген мыйзамдар Өзбекстанда азыркы күнгө чейин өкүм сүрүп келет. Алар:
*Үлпөт тойдогу кортежде үчтөн ашык унаа болбошу керек;
*Бир тойдо кызмат көрсөткөн ырчылардын саны экиден ашык болбошу керек;
*Үлпөт тойлор 1 күндөн ашык созулбашы керек;
*Үлпөт тойлорго 200дөн ашык адам чакырылбашы керек.
Жеке жашоосу
Шавкат Мирзийоевдин жеке жашоосу тууралуу маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарында өтө сейрек кездешет. Жубайы Зироатхон Хошимова менен институтта иштеп жүргөндө таанышкан. Учурда алардын Саида жана Шахноза аттуу кыздары, Алишер аттуу уулу бар.