КРнын өкмөтүнө
караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик (Кыргыз патент) кызматы Жаңы жыл алдында Беловодскийдеги психоневрологиялык балдар үйүнө атайын
белектерди тапшырды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы бүгүн,
12-декабрда кабарлайт.
Кыргыз патенттин кызматкерлери
тарабынан балдар үйүнө күрүч, мөмө, таттуулар, кийим жана кир жуучу каражаттар тапшырылган. Кызматкерлердин
айтымында, кайрымдуулук иши алгачкы ирет өтүп жаткан жок. Аталган ишкана жыл
сайын балдар үйүнө колдоо көрсөтүп турат.