Бишкек шаарынын 7 тургунуна “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” деген наам ыйгарылды

Бүгүн, 12-декабрда Бишкек шаарынын 7 тургунуна “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” деген наам ыйгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, мындай наам коомдук турмушка активдүү катышып, өз иштеринде ийгилик жараткан шаар тургундарына берилет. 

Ардактуу наамга татыктуу болушкан шаардыктарды Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов куттуктады.

Төмөндө “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамына ээ болгондор:

 Бейшенбек Акунов, коомдук ишмер;

Майрамкан Абылкасымова, Кыргыз Эл акыны;

Кубанычбек Исмаилов, КРнын Айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер;

Олег Калинин, милициянын подполковниги;

Кадырма Орозалиев, Эмгек Кызыл-Туу орденинин ээси;

Түгөлбек Оторбаев, КРнын Жазуучулар союзунун мүчөсү;

Эсенаман Тойгонбаев, согуштун  ардагерлер кеңешинин төрагасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан