Абылкасым Шерниязов Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты аталган уюмдан кабарлады.
Белгилей кетсек, Абылкасым Шерниязов ага-ини Болот жана Садык Шерниязовдун бир тууганы. Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин жана Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын аяктаган. Буга чейин "Ата Мекен" жана "Азаттык" партияларынан депутаттыкка ат салышкан.
Эске салсак, УКМК өкмөт түзгөн Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Елена Калашникова менен анын орун басары "коррупцияга" шек саналып камалганын 18-майда билдирген.