БУУнун “Бирдиктүү кыймыл” аттуу долбоорунун алкагындагы айылдык аялдарды социалдык мобилизациялоо жана окуудан өткөрүү жакшы жыйынтык берген.
Бул тууралуу 12-декабрда айылдык аялдарды колдоого алган 3 жылдык долбоорду жыйынтыктоодо Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Жер иштетүү башкармалыгынын башчысы Жигитаалы Жумалиев билдирди.
Анын айтымында, БУУнун Билим берүү боюнча федералдык агенттиги өндүрүш жана айыл чарба тармагында көп жылдардан бери колдоо көрсөтүп келген.
“Аталган долбоордун алкагында айылдык аялдардын потенциалы жогорулаганын көрүүгө болот. Натыйжада гендердик теңдик, жардылыктын кыскарышы жана аймактардын экономикалык көрсөткүчтөгү өзгөрүүлөр байкалды. Азыркы тапта аялдар чечим кабыл алууда тең укуктуулукка жетише алышты”,- деди Жумалиев.