Жогорку Кеңеште “КРнын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, добуш берүүгө жиберилди.
Жыйынга премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берди. Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, мыйзам долбоорунда каралган макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү өзгөртүү өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүндө болуп жаткан жагдай менен шартталды.
Ушул жылдын бюджетинин аткарылышынын ачыктыгы жана натыйжалуулугу, чек арачыларды турак жай менен камсыздоо боюнча программанын зарылдыгы, мамлекеттик имараттарды ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар, мамлекеттик сатып алуулардагы көйгөйлөр, турак жай куруу боюнча каралган насыялар боюнча жүргүзүлүп жаткан, токой, суу чарба кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатуу сыяктуу бир катар маселелер такталды.
Соңунда Бюджет жана финансы боюнча комитеттин корутундусу менен аталган мыйзам долбоору добуш берүүгө жолдонду.