"Бир адам каза болду". Бишкектеги үрөй учурган жол кырсыктан жабыркагандар тууралуу маалымат

Бишкектин Ак-Ордо-3 жаңы конушунда жол жээгинде жүргүнчү салып жаткан 169-каттамдагы кичи автобусту артынан катуу ылдамдык менен келе жаткан жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен. Кырсыктын видеосу бүгүн, 19-июлда социалдык тармактарда тарады.

Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктан 1 адам каза тапкан. Ал эми 23 жүргүнчү жаракат алып, ооруканага түшкөн.

Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын директору Алмазбек Кубатбеков кырсыктан жаракат алган 23 адамдын төртөөсү жандандыруу бөлүмүндө экендигин билдирди. Ошондой эле, 11 адам амбулатордук дарыланууга жаткырылса, калган 8 адам бөлүмдөрдө медициналык жардам алып жатканын кошумчалады.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы учурда кырсык боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2023-07-19 13:46:00
Каттуу келип сүзүптүр мас окшойт
0
Kuban-1207
2023-07-19 13:46:00
Акырын эле айдабайбы,эшек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан