Бүгүн, 20-июлда өкмөттүн жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Ноокат районундагы унаа жол 31-августка чейин оңдолуп бүтпөсө, транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев кызматтан кетерин айтты.
"Ноокат жолу 31-августка чейин бүтүшү керек. Бир ай 12 күн убактыңыз калды. Эгер бүтпөй калса 1-сентябрда арыз жазасыз. Билесиз ээ, экөөбүз сүйлөшкөнбүз?", - деп кайрылды Ташиев.
Белгилей кетсек, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун Ноокат районундагы бөлүгүнүн тамтыгы чыгып калган. Ушул жылдын 1-мартында аталган унаа жолдун айрым участокторун (28-35 чакырым, 41-47-чакырым) капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери башталган. Андан соң Камчыбек Ташиев бул иштин жүрүшүн жеке көзөмөлүнө алганын
маалымдаган.