Кыргызстандын Украинадагы элчиси аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине чакыртылды

Кечээ, 20-июлда Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда Идрис Кадыркулов Кыргызстандан Орусияга курал-жарактарды жана кош максатта колдонулуучу жогорку технологиялык компоненттерди жасоо үчүн колдонулган каражаттардын жеткирилиши, ошондой эле Кыргызстандын Орусияга каршы салынган эл аралык санкцияларды айланып өтүшү тууралуу түшүндүрмө алуу үчүн чакырылган.

Сүйлөшүүдө Кыргыз өлкөсү дүйнөлүк коомчулуктун бир мүчөсү катары Орусияга каршы эл аралык санкциялык саясаттын сакталышына жооптуу болушу керектиги белгиленген.

"Кыргызстандын аймагынан Орусияга аскердик техника менен жабдылышы мүмкүн болгон товарлардын реэкспорту Украина тарабынан Орусиянын Украинага каршы баскынчылык согушун колдой турчу достукка жатпаган аракет катары бааланары өзгөчө баса белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ АКШнын Финансы министрлиги кыргызстандык төрт компанияга санкция салганын билдирген. Ага Орусияга санкцияга кабылган товарларды ташып жатканы себеп экендиги айтылган. АКШнын санкциясына "РМ Дизайн энд Девелопмент" (RMDD) ЖЧКсы, "Прогресс Лидер" ЖЧКсы, "ГТМЕ Технологии" ЖАКы жана "Карголайн" ЖЧКсы кабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан