Кечээ, 20-июлда АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстандын төрт компаниясына санкция киргизди. Бул тууралуу АКШнын Финансы министрлигинин расмий сайтында жарыяланды.
"Чет өлкөдөн чыгарылган электроника жана технологияларды импорттоону улантуу үчүн орусиялык уюмдар колдонгон тактикалардын бири үчүнчү тарапты жана Орусиядан тышкары жайгашкан жүк ташуучу пункттарды колдонуу болуп саналат. Орусия Украинага басып киргенден бери Кыргыз Республикасындагы уюмдар санкция киргизилген электроника тетиктерин жана башка технологияларды Орусияга экспорттоп келишкен", - деп жазылат билдирүүдө.
АКШ Кыргызстандан сырткары Орусия менен Бириккен Араб Эмираттындагы 120 компанияга жана адамдарга да санкция киргизген. Санкцияны Москванын азык-түлүк, акча жана финансылык компанияларга болгон байланышын токтотуу үчүн киргизип жатканы айтылган.
Кара тизмеге киргизилген компаниялардын арасында кыргызстандык 4 компания да бар:
1."РМ Дизайн энд Девелопмент" (RMDD) ЖЧКсы 2022-жылдын март айында түзүлгөн. Ал электрондук жана телекоммуникациялык жабдууларды жана тетиктерди сатат.
"Өткөн жылы негизделгенден бери аталган компания Орусияга кош максаттуу товарларды, анын ичинде орусиялык коргонуу ишканаларын электроника менен камсыз кылган фирмаларга товарларды жеткирип келет"- деп айтылат АКШнын Финансы министрлигинин сайтында.
2. "Прогресс Лидер" ЖЧКсы 2022-жылы март айында түзүлгөн. Компаниянын башкы директору жана ээси Орусиянын жараны Татьяна Иванова болуп саналат. Иванова электрондук жана оптикалык жабдууларды, компьютердик жана ага тиешелүү жабдуулар менен алектенген орусиялык компания Siaisi (CIC) ЖЧКсынын дагы ээси. Сайттын маалыматында "Прогресс Лидер" компаниясы бир нече жолу Siaisi компаниясына жеткирүүлөрдү жасаган деп баяндалган.
3. "ГТМЕ Технологии" ЖАКы 2022-жылы июнь айында негизделген Кыргызстандагы компания. Ал түзүлгөндөн баштап Орусияга ондогон товарларды, анын ичинде тантал конденсаторлору жана электрондук интегралдык микросхемалар сыяктуу артыкчылыктуу товарларды жеткирген. Компаниянын негизги кардары орусиялык Technologies Systems and Complexes Limited (TSC) компаниясы экени жана ага электрондук, санариптик жабдууларды ташып турганы маалымдалган.
4. "Карголайн" ЖЧКсы 2022-жылдын мартында Кыргызстандын аймагында негизделген. "Кыргыз Республикасында жайгашкан компания Орусияга миллион долларды чапчыган чет элдик учактарды, анын ичинде түздөн-түз АКШнын экспорттук көзөмөлүндөгү авиакомпанияларга жеткирген" - деп жазылган сайтта.
Ошондой эле АКШ кыргызстандык компаниялардан санкцияланган товарларды алып турган орусиялык фирмаларды да кара тизмеге киргизген.
Белгилей кетсек, буга чейин Орусияга санкцияланган товарларды ташып жатат деген негизде АКШ ушул аптада Кыргызстанга экономикалык чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн экенин The Washington Post басылмасы айрым бийлик өкүлдөрүнө таянып жазып чыккан болчу. Анда кыргызстандык ишканалар санкция киргизилген товарларды Орусияга сатуудан пайда көрүп жатканы айтылган.

Буга жооп кылып Кыргызстандын АКШдагы элчилиги Орусия менен Кыргызстан ЕАЭБ мүчөлөрү жана Орусия өлкөнүн негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экенин кабарлаган.
Андан соң УКМК кызматы АКШ жана батыш өлкөлөрү Орусияга каршы киргизген санкциялык чектөөлөрдү сактоо режимин бузууга кыргыз мамлекетинин, анын ичинде эч кандай мамлекеттик түзүмдөр менен компаниялардын тиешеси жок деп билдирген.