Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Эстониянын премьер-министри Андрус Ансип менен
жолугуп, электрондук өкмөттү ишке киргизүү тууралуу талкуулашты. Бул тууралуу
бүгүн, 12-декабрда парламенттин басма сөз кызматы кабарлайт.
Жолугушууда
тараптар электрондук өкмөттү ишке киргизүүдөгү Эстониянын
тажрыйбасын колдонуу мүмкүнчүлүгү жана Кыргызстандын шайлоо системин өнүктүрүү тууралуу
пикир алышты.
Ошондой эле туризм,
тоо-кен өнөр жайы, маалымат технологиялары, соода-экономикалык кызматташтык
тууралуу талкуу болду.