Ахматбек Келдибековго тагылган айыптар белгилүү болду

Бүгүн, 12-декабрда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесине (коррупция) ылайык айып такты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалым болгондой, коррупция беренеси боюнча тагылган айыпта кызмат абалынан пайдаланып “Ротак-Бишкек” жоопкерчилиги чектелген уюмунун (ЖЧУнун) кызыкчылыгы үчүн мамлекетке 24,3 миллион зыян алып келгени айтылат. 
Мындан сырткары 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча ал салык органдарын ыктыярдуу патент боюнча салык төлөөчүлөрдөн салык чогултууну “Бизнес-Партнёр” ЖЧУна мыйзамсыз берүү аркылуу кызматынан кыянаттык менен пайдаланган. Жыйынтыгында мамлекеттик казынага 2,3 миллион сом түшпөй калган. 
Буга чейин Келдибеков КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (ЖКнын төрагасы болуп турган кезде парламенттин эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрдүн иштерин тескөө боюнча атайын өкүл кызматын мыйзамсыз уюштуруп, аны кармоого мамлекеттик казынадан 10 миллион сом чыгымдаган) боюнча айыпталып жаткан. 
Азыркы тапта үч айыпты бириктирүү боюнча маселе каралып жатат. 
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан 20-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков камакка алынган. 22-ноябрда Октябрь райондук соту депутатты баш коргоо чарасы менен 2 айга камоо   чечимин чыгарган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан