Кыргыз жаранын сабаган бокс боюнча Дүйнө чемпионуна издөө жарыяланды

Оюн-зоок борборунда кыргызстандык жаранды ур-токмокко алган казакстандык мушкер издөөгө алынды. Бул тууралуу Казакстандын маалымат каражаттары жазды.

Бокс боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Бейбут Шуменовго издөө жарыяланганы тууралуу маалымат 22-июлда укук коргоо органдарынын атайын порталында пайда болгон.

Шуменовго "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгону кабарланды.

Эске салсак, 18-июнь күнү Астанадагы ири соода борборунда колунда баласы бар кишини бир адам сабап салган видео интернетте тараган. Социалдык тармактарда колунда баласы бар кишини сабаган адам бокс боюнча Дүйнө чемпиону Бейбут Шуменов экени айтылган. Мушкер кыргызстандык жаранды колунда баласы бар болгонуна карабастан чаап жиберген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан