Астанада бокс боюнча Дүйнө чемпиону кол салган адам кыргызстандык болуп чыкты. Мушкер эркинен ажыратылышы мүмкүн

Астана шаарындагы соода борборлордун биринде бокс боюнча Дүйнө чемпиону кол салган адам Кыргызстандын жараны болгон. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.

Кыргыз жараны колуна баласын кармап турган маалда ага бокс боюнча Дүйнө чемпиону болгон Бейбут Шуменов кол салган. Мушкер кыргызстандык жаранды колунда баласы бар болгонуна карабастан чаап жиберген.

Бул бейбаштык фактысын Казакстандын ички иштер министрлиги иликтеп жатат. Учурда бул факты боюнча Казакстандын кылмыш-жаза кодексинин 293-беренесинин (бейбаштык) негизинде сотко чейинки тергөө иштери жүрүүдө. Бул кылмыш ишинде күнөөлүү адам 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Эске салсак, 18-июнь күнү Астанадагы ири соода борборунда колунда баласы бар кишини бир адам сабап салган. Жабырлануучулар кылмыштын жоктугунан улам ишти убактылуу токтоткон полициянын үтүнөн арызданышкан. Социалдык тармактарда колунда баласы бар кишини сабаган адам бокс боюнча Дүйнө чемпиону Бейбут Шуменов экени айтылган.

Окуя коомчулукка жарыялангандан кийин Казакстандын ИИМи кайрадан иликтөө иштерин жүргүзүп, ишти жапкан полиция кызматкерлерине карата ички текшерүү дайындаган.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан