Кечээ, 23-июлда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанда мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынышы боюнча пикирин билдирди.
Ал чет мамлекетте орус тилин, маданиятын, атамекендик билимди алдыга жылдыруу аракети тууралуу сөз козгоп, учурда КМШда оңой эмес процесстер болуп жатканын айтты.
"Борбор Азия өлкөлөрүндө мыйзамдарды активдүү кабыл алып жатышат. Кыргызстанда мыйзам кабыл алынган. Бул идея бир нече ай мурда жаңыдан жаралганда, биз кыргыз досторубузга бул толук демократиялуу эмес экенин эскерткенбиз. Мен бардык мамлекеттик кызматкерлерди кыргызча билип, ошол тилде иштөөсү тууралуу айтып жатам. Мамлекеттик кызматкерлердин бул тобуна мугалимдер да, мамлекеттик медициналык мекемелердеги дарыгерлер да кирген. Биз ишти улантабыз. Бир канча жолу эскерттик. Кыргызстандын Конституциясында орус тили улуттук баарлашуунун тили бойдон калганына карабастан, бирок башка жакка бурулуп калды"- деп билдирген Лавров.
Белгилүү болгондой, Лавров мындай билдирүүнү 19-июлда коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айткан.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Анда мамлекеттик тилди колдонуунун жана мамлекеттик тил саясатын жүзөгө ашыруунун укуктук негиздери, аны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүдө мамлекеттик органдардын, мекемелердин, уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери белгиленген. Ошондой эле мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүп, расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөрү жазылган.