Грузияда Киевдеги кырдаалды талкуулаган депутаттар мушташа кетишти

Грузиянын парламентинде Украинадагы кырдаалды талкуулап жатканда оппозиция менен бийликтин партияларынын депутаттары мушташа кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 
Чырдын чыгышына оппозиция депутаты Георгий Барамидзенин Европа Биримдигине кирүү тууралуу демилге көтөрүп жаткан Украина оппозициясын атайын жарлык аркылуу колдоого алып, бийликтин митингге чыккандарга каршы күч колдонуусун сынга алуу тууралуу койгон талабы негиз болгон. Анын оюна коалиция мүчөлөрү каршы чыгып,  “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясынын (бул партия мурда бийликте отурган, учурда оппозиция) депутаттарынан 2007-2011-жылдары Тбилисидеги митингдерге чыккан оппозиция өкүлдөрүн күч аркылуу тараткан көрүнүшкө саясий баа берүүсүн талап кылган. Ушундан улам депутаттар ортосунда мушташ чыккан. Чырдан соң оппозиция өкүлдөрү парламенттеги көпчүлүк коалициясын түзгөн депутаттардан кечирим сурап, сыртка чыгып кетишкен. 
Маалыматка караганда, мушташта олуттуу жабыркагандар болгон эмес.
Ал эми Киевде бүгүн, 12-декабрда "Майданга" чыккандардын саны 500 миңден 1 миллионго чейин экендиги айтылууда. "Майдандагылар" муну “Миллиондун маршы” деп атап алышты. Алар азыр деле президент менен премьердин отставкасын, Жогорку Рада үчүн жаңы шайлоо өткөрүү зарылчылыгын жана Европа Биримдигине кирүү талабын коюп жатышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан