Аламүдүн суусуна агып кеткен 1 жаштагы кыз 7 күндөн бери изделүүдө  

Чүй облусунун Аламүдүн районунда сууга агып кеткен 1 жаштагы кыз бир жумадан бери табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалым болгондой, 18-июлда Аламүдүн суусунун жогору тарабында С. кызы К. аттуу кичинекей кыз Аламүдүн суусуна түшүп кетип, анын артынан кызын куткарам деп 27 жаштагы А.Э. аттуу аял киши сууга түшүп кеткен.

Ошол эле күнү куткаруучулар аялдын сөөгүн таап, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берген.

Ал эми кызды издөө иштери дагы деле уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан