Кечээ, 25-июлда Грециядагы токой өртүн өчүрүү учурунда Canadair өрт өчүрүүчү учагы кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, окуя Грециянын Эубоя аралынын түштүгүндөгү Платанитос кыштагынын жанындагы токой өрттөрүн өчүрүү учурунда болгон. Ал эми тик учактын ичиндеги эки учкуч окуя болгон жерде көз жумган.
Грекиянын ERT телеканалы жарыялаган видеодон өрт өчүрүүчү учактын кулап түшкөнүн көрүүгө болот. Анда учак өрткө суу куюп, андан соң даракты сүзгөн. Көп өтпөй капчыгайга кирип, өрттөнүп жатканы көрсөтүлгөн.
Учурда грек бийлиги издөө-куткаруу операциясы башталганын жарыялады. Азыркы тапта аталган өлкөнүн борбордук бөлүгүндө абанын температурасы 44 градуска жетип жатат. Грециянын метеорологиялык борбору 27-июлда өлкөнү жаңы ысык толкун каптай турганын, дагы өрттүн пайда болушу мүмкүн экенин эскертүүдө.
Эске салсак, грек бийлиги 18-июлда чыккан өрттү 8 күндөн бери өчүрө албай жатат. Тилсиз жоо алгач ички тоолуу аймактарда гана катталса, кийин жээк тарапка жылганы буга чейин кабарланган болчу. Натыйжада 30 миңден ашык адамдын эвакуацияланганы айтылган.