Думанын төрагасынын орун басары Эрдоган Орусиянын алдындагы милдеттенмелерин бузганын билдирди

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын алдындагы милдеттенмелерин бузду деп билдирди Мамлекеттик Думанын вице-спикери Пётр Толстой. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Толстой "Орусиянын президенти Владимир Путин Түркияга карата өз милдеттенмелерин ар дайым аткарып келген жана Орусиянын өнөктөштөрү да ошондой кылат деп үмүттөнөт, бирок Эрдоган (Орусия алдындагы) өз милдеттерин бузду", - деп билдирген.

Украинанын НАТОго мүчөлүгү боюнча Түркиянын позициясына токтолгон Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары Орусиянын муну оң кабыл ала албастыгын баса белгиледи.

"Володимир Зеленьский өзү НАТОго кире алат, бирок Украинасыз", - деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан